Ош: арыктардын ичи тазаланса...
Новость

POST1RIGHT

Ош шаарынын мэриясы 2015-жылы шаардын ички кварталдарынын жолдорун оңдойбуз деп, шаардын борборундагы Анар 12 үйүнүн алдына шагыл төгүп берген. Ал төккөн шагылдар чачылып, сел кеткен арыктардын ичине толуп, арыктар бүтөлүп калган, кол менен тазалаганга мүмкүн болбой калган, себеби нык болуп турат. Мэриядан суранат элек, ушул сел кеткен арыктардын ичин тазалап беришин. Өйдө жактан келген суулар арыктан өтпөй, көчөнү каптап жатат. Эгер сел катуу келе турган болсо, 12 үйдүн жер төлөсүн каптаганы турат,- деген Ош шаарынын тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.