POST1RIGHT
Бишкек-Ош жолунун 500 чакырымдан баштап 576 чакырымга чейинки жолдо, жол оңдоо иштери башталып, бирок жарым жартылай таштап кетишкен. Ошол бойдон келишкен жок. Жолдун абалы өтө эле начар. Бул жолдо эми канча жүрөбүз. Аягына чейин бүтүрө албагандан кийин эмнеге башташты? Суранабыз жолубузду мурунку абалына келтирип беришин. Жолго бөлүнгөн акчаны жээгендер, келип ушул жол менен 2-3 күн жүрүп көрсүнчү,- деп ачууланган автор.
Эске салсак, бугу чейин "Элдик репортер" рубрикасына Бишкек-Ош жолу тууралуу билдирүүлөр көп келген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.