Сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды түйшүккө салды
Новость

POST1RIGHT

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев жана Суулу-Маймак айылынын дыйкандарын суунун тартыштыгы түйшүккө салып келүүдө. 

Эгин талааларына суу жетпей, мына мынтип түшүм бербей эле куурап калган. Буга канча деген эмгек кетти. Айыл өкмөтүбүздүн алсыздыгынан теңсиздик жаралууда. Бул 4 жарым сааттан эле суугаргандын натыйжасы. 1 гектар жерге 4 жарым саат жетеби?- деп суроо салган айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.