Ысык-Ата: мыйзамсыз кара топурак ташылууда
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында белгисиз бирөөлөр мыйзамсыз жер кыртышын бузуп, кара топурак алып жатышат,-деген билдирүүнү "Элдик репортерго" аталган айылдын жашоочусу жөнөткөн. Анын айтымында, Жер кыртышын, жайыт жерлерди бузуп кара топуракты Бишкекке ташып жатышат. Оор жүк ташыган унаалар жолдорубузду бузуп бүттү. Айыл өкмөткө кайрылсак, азыр ал Талас облусунда көчмөндөр оюндарында жүрүптүр. Тийешелүү органдар тез арада чара көрүшүн суранабыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.