POST1RIGHT
Өткөн жылы 9 ай ичинде 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 миңден ашуун адам жабыркап, 500кө жакын киши каза болгон. Кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн Бишкектеги мектептердин биринде мектеп окучуларынын катышуусунда жолдо жүрүү эрежелерди үйрөтүүчү жөө жүрүш болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүнө кабарчыбыз катышып келди.
Эми гана мектеп босогосун аттаган Айдиншер сабактан тышкары минтип классташтары менен бирге жол коопсуздук эрежелерин үйрөтүүчү жөө жүрүшкө катышты. Ал “А” тамгасы менен бирге жолдон кантип өтүү керектигин өздөштүрүп жатканын айтат.