Бишкектин - эң жашыл шаар деген макамын кайтарыш керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиев “Ынтымак” сейил багына бак отургузуу ишчарасында билдирди. Айтымында мамлекет мындан ары бош жерге там салуунун ордуна жашыл аймактарды көбөйтүү саясатын күчөтөт.
Журналисттерге маек курган премьер-министр “Ынтымак” сейил багынын ачылышын кубаттады. Айтымында 10 гектар жерди шаардыктардын эс алуучу жайына айландыруу Президенттин демилгеси. Убагында аталган аймак мыйзамсыз менчикке берилип кеткен, мамлекеттин кийилигишүүсү болбогондо кайра эле көп кабаттуу тамдар салынып кетмек.
“Ынтымак” сейил багы сентябрдын башында ачылган. Ошондон тарта “Өмүр багы” аттуу акциясы жарыяланып, ал жарандарды, жамааттарды парктын аймагына бак отургузууга үндөйт. Андан бери 356 бак отургузулду. Премьер-министрдин Чынар багы - 357чи.
Өкмөт башчы бардык жаштарды, жалпы элди жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга үндөп, жашаган чөйрөсүн жашылдандырууга, тазалыкты сактоого салым кошууга чакырды.