POST1RIGHT
Ивановка айыл өкмөтүнүн Станция айылындагы Озерный көчөсүндөгү турак үйлөрдүн саркынды суулары көчөгө агат. Бул саркынды суулар сазга айланган. Мынтип турганына 15 жылдын жүзү болуп калды. Караган эч ким жок. Мындан чыккан жагымсыз жыт көчөнү каптайт. Тегерегинде жаш балдар ойнойт. Айыл өкмөт көңүл бурбайт. Тийешелүү органдар карап, ушуларга бир чара көрүшүн суранабыз, -деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.