POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Заводской поселокто жашаган тургундар саркынды сууларын тоодон агып келген Ала-Арча суусуна агызып жатышат. Бул суудан канчалагандар ичет. Суу кор болууда. Буга кандай чара колдонуш керек? Экотехинспекция каякты карап жүрөт? -деп ачууланган шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.