POST1RIGHT
Жумгал районунун Чаек айылындагы Э.Сапарбеков көчөсүндөгү айланып өтүүчү жолдо жашаган тургундар чаң жутуп жашап келишет. Себеби бул жолдун абалы өтө начар. Унаалар өткөндө, айыл ичи чаңга сапырылып эле калат. ДЭУ тарабынан суу себилбей келет. Айыл тургундары тийиштүү органдар көңүл буруп, чара көрүшүн өтүнүшөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.