ӨКМ: Ош облусунда өзгөчө кырдаалдардын саны, экономикалык чыгымдар азайды
Новость KTRK/videograp

Акыркы эки жылда Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын саны 17, экономикалык чыгым 56 пайызга азайган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди. 

“Ош шаарынын аймагындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” аталышындагы иш-чарага Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-ишканалардын, билим берүү тутумунун тарбиялануучулары жана калаа тургундары катышты. Борбордук аянтта өрт, жер титирөөдөн жыбаркагандарды эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу иштер тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү. 

Анын жигердүү катышуучуларына белектер берилди. Ошондой эле, Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникаларынын көргөзмөсү өттү. Соңунда, жалпы катышуучулары үчүн талаа ашканасы уюшулду. Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган мындай иш-чара республиканын аймагында 2 жылдан бери өтүп келет.