Бишкектин айрым көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Борбор калаадагы жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү максатында жаңы жол чырактар орнотулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, учурда жаңы жол чырактан бешөөнү орнотуу иштери жүрүп жатат. Алардын экөө жөө кишилер үчүн болсо, үчөө автотранспорт үчүн коюлууда. 

Тактап айтканда, унаа үчүн жол чырак Профсоюз менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишине, Жукеев-Пудовкин менен Карасаев, Элебесов менен Курманалиев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулууда. Ал эми №37 мектеп менен Матросов көчөсүнүн кесилишине жана Ала-Тоо конушундагы №82 мектеп менен Карсаков көчөсүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн жол чырактары коюлууда. 

Бүгүнкү күндө шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери 18 жол чыракты орнотуп бүтүп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгына өткөрүп беришкен.