Күзгү аскерге чакыруу башталды
Новость mil.gov.kg

POST1RIGHT 1-сентябрдан тарта  өлкөдө  күзгү аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу Аскердик башкармалыктын жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев маалымат жыйынында билдирди.  

Анын белгилешинче, 3 миңден ашык  жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктаса, 7 миңден ашык  аскер альтернативалык кызмат өтөйт. Аскерге чакырыла турган 3 миңден ашык жаран  Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарды жана бөлүктөрүндө аскердик кызмат өтөшөт.