Мыкты компьютер оюндарынын тизмеси жарыяланды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Британиянын "The Guardian" басылмасы 2000-жылдардан тарта дүйнөдө чыгарыла баштаган мыкты делген компьютер оюндарынын тизмесин жарыялады. Басылманын маалыматында 21-кылымдын мыкты оюну деп Майнкрафттын "Песочница" жанрындагы оюндары табылды. 

Аталган оюндун биринчи үлгүсү 2009-жылы чыккан, ал эми 2019-жылы ойлоп табуучулар оюндун 175 миллион көчүрмөсүн сатууга үлгүрүшкөн. Учурда бул оюн смартвондордон тарта, виртуалдык үлгүгө чейин жайылган. Ал эми дагы 10го жакын мыкты оюндардын катарына "Half-Life 2", "Ведьмак 3", "GTA 5", "Halo", "Portal 2" жана башка видео оюндары кирди. 

Майнкрафт оюнунун жетекчөөчүлөрүнүн бири Хелен Чангдын белгилөөсүндө алардын компаниясынын оюнчуларынын саны ай сайын 112 миллион адамды түзөт.