POST1RIGHT
Эл аралык футбол федерациясынын маалыматына ылайык, мындан ары Иранда аялдарга футболдук стадионго кирүүгө жана күйөрмандык кылууга уруксат берилди. Белгилей кетсек, өлкөдө 1979-жылдан тарта аялдарга күйөрмандык кылууга жана футбол талаасына кирүүгө тыюу салынып келген.
Эми Ирандык аялдар 40 жылдан соң күйөрмандык кылуу үчүн 10-октябрда өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун оюндарына күбө боло алышат. Анда Иран менен Камбоджанын курама командалары ортосунда беттеш болот.
Кошумчалай кетсек, мурда тыюу салынган бул тартиптин алынышы Иранда футбол оюнуна эркектин кийимин кийип, күйөрмандык кылган кыз билинип калып, кийин өзүн-өзү өртөп каза болгондугу себеп болгон. Бир жагынан дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы футболчулар жана оюн күйөрмандары каза болгон кызга аза күтүп, мындай тыюунун туура эмес экендигин билдиришкен.