Манас районунун борбору ирээтке келтирилсе...
Новость

POST1RIGHT

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургуну "Элдик репоертерго" видео жөнөткөн. 

Манас районунун борбору болгон Покровкада башаламандык эч жоюлбай келет. Тегерек чети бүт базар. Элдер үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Базардын арты таштандыга толгон. Ажатканалар иштебейт, бекитип коюшкан. Райондун борбору болгондон кийин, тазалык сакталыш керек элего. Райондун жетекчилерине кайрылат элем, ушул жерди ирээтке келтирип, таштандыларды тазалатып, ажатканаларды иштетип коюшун,- дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.