“Санарип Кыргызстан” маалымат технологияларынын форуму өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкекте “Санарип Кыргызстан” аталышындагы маалымат технологияларынын кезектеги форуму өттү. Анын уюштуруучулары “Интернет саясат боюнча жарандык демилге” коомдук фонду жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети. Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо, ачык булактар жана санарип тейлөө, санариптүү маркетинг, электрондук коммерция жана билим берүү маселелери 10 секцияда талкууланды.

Форумга Орусия, Казакстан, Украина, Финляндия жана АКШдан келген адистер катышты. Негизги максат кыргызстандык IT адистерге колдоо көрсөтүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган. Маалымат технологияларына арналган форум Кыргызстанда эки жылда бир өткөрүлүп келет. Быйылкы иш-чара жетинчи жолу өттү. Жалпы катышуучулардын саны 2 миңге чамалайт.