POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Туңгуч кичирайонудагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында күнүгө жол талышып урушуп жаткан айдоочуларды көрөсүң. Бул көрүнүш №68,67 үйдүн алдындагы көрүнүш, Бул жерде күркөлөр көп, терезенин түбүнө мэриянын кызматкери павильон койдуруп алган. Мына ушулар жолду тар кылып жатат. Качан тартипке келет? Мындай тыгын, урун-талаш ар күнү болот,- деген шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.