POST1RIGHT
Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүнө 2017-жылы архитектурадан кишилер келип арык салып кетишкен. Эми бул арыктарды туура эмес жана сапатсыз салган. Сынык лотокторду салып кетишкен. Азыр ичине таштандылар толуп турат. Суу келгенде таштандылар менен кошо үйлөрдү каптап жатат. Аягына чыгарышкан да эмес. Көчөнүн узундугу болгону 100 метр. Ушул 100 метр жерге арык сала алышпаса анда билбейм. Айтсак калганын өзүңөр бүтүрүп алгыла деп кетип калышкан,- деп ачууланган айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.