POST1RIGHT
Баткен облусунун Лейлек районундагы Айкөл айылында Н.Батыров атындагы орто мектебинин спорт залы мындан 3 жыл мурун жаңы салынып башталган. Салынып жатып эле орто жолдон иш токтоп калган, белгисиз себептерден. Темирлерин дат басып кеткен, дагы 1 жыл турса жараксыз абалга келет. Ушул ишти тез арада бюджеттен каражат каралып, бүтүрүп беришсе. Мектептин да эскилиги жеткен. Балдар үчүн шарттар жок. Бөлмөлөр тар. Жаңы мектеп салынып берилсе. Жогору тараптан жардам күтөбүз,- деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.