Кулиев көчөсүндө чириген бак кулаганы турат
Новость

POST1RIGHT

Борбор калаадагы Чүй менен Кулиев көчөсү кесилишкен жеринде чириген бак кулаганы турат. Бул тууралуу шаар тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул бактын мынтип турганына көп болду. Тегерегинде элдер жүрөт, унаалар токтоп турат. Кокус кулап кырсык болсо, ким жооп берет? Алдын ала иш кылышса, кырсык болгондон кийин кыймылдабай. Мэрия көңүл буруп, бул чириген бакты алдырып койсо. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.