«Торугарт» жана «Эркеш-Там» өткөрмө пункттарында орнотулган видеокөзөмөлдөө тутуму «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенишүү системасы аркылуу мониторингдин улуттук тутумуна кошулду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бажы процесстерине онлайн видео-мониторинг жүргүзүү системасы киргизилип жатат.
Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, бул мекеменин кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга жана кызматта коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүнү көздөйт. Видеокөзөмөлдөө системасын киргизүү иштерин 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделген. Учурда 5 бажылык тариздөө жайларында видеокөзөмөлдөө камералары убактылуу сактоо кампаларынын ээлери тарабынан коюлган, ошондой эле башка жерлеринде камераларды коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараянынын алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында 472 видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча иштер аяктады.