Челпек айылындагы жер талаш
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну "Элдик репортерго жер маселеси боюнча билдирүү жөнөткөн. Анын айтымында, 2012-жылы бул айылдан 7 сотыхтан жер берилген. Жердин салыгын ошондон бери төлөп келебиз. Эми биз үй салалы деп келсек, айыл өкмөттө иштеген кызматкер өзүнүн бир тууганына берип койгон, ал үй салып алыптыр бул жерге. Кайрылчуу жерлерге кайрылдык, жыйынтык жок. Кимге кайрылам?- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.