Ооруканада кезек күтүү, чыдамы кеткен жаш балдар
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында кезек күтүп отурган шаар тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Мындай көрүнүш №3 балдар ооруканасында ар дайым кайталанат. Кезек күтүп отурган ата-энелердин саны арбын. Качан Кыргызстанда бейтаптар үчүн шарттар түзүлөт?

№3 балдар ооруканасында кечки саат 22.00 чамасында мына ушундай көрүнүш. Ата-энелер балдарын рентгенге түшүрүш үчүн 3-4 сааттап балдарын тикесинен туруп, көтөрүп турушат. Рентген бир баланы 20 мүнөт тартса, бул жакта канчалаган элдер кезекте отурушат, түн жарымга чейин барабы?. Эмне үчүн жогору жактагылар ушул маселени чечпейт?

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.