Сугат жерлер мыйзамсыз таратылып жатат
Новость

POST1RIGHT

Мады айыл өкмөтүнүн аймагынан 2013-жылдан бери ар кандай жолдор менен айыл тургундарына үй салуу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө. Кыргыз Республикасында үй салуу үчүн сугат жана шарттуу сугат жерлер берилбесин деп, мындай категорияга кирген жерлерге маротория жарыяланган. Бирок биздин айыл өкмөт тарабынан илгертен эле сугат жер катары пайдаланып келген жерлер, Жоош-18 айылынын жанынан контур номерлери №439-32га, 462-29га, 823-13га, Какразар жер тилкеси №475-19,50га, 921-28,90га жерлери үй салуу үчүн бөлүнүп берилүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн жердин 95% суу жеткирилип, дыйканчылык кылынып келген, жана азыр да кылса болот. Ушул маселени жергиликтүү бийликтер чечип беришин суранабыз, -деген айыл тургундары "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.