POST1RIGHT
Аламүдүн районуна караштуу Башкара-Суу айылынан Байтикке бара жаткан жолдо, жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Дал ушул жол оңдоо иштери жүрүп жаткан жол тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Видеодон оюлган жолго эле битум чачылбастан эле асфальт төшөлүп жатканын көрүүгө болот.
Жол куруучулар жолго битум чачпастан, жерди тазалабастан, кургак жерге эле асфальтты төшөп жатышат. Бул кылган иштери 1 айга жетпей эле тантыгы чыгат. Канча деген каражат кетти. Эч ким көзөмөлдөгөн жок, -деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.