POST1RIGHT
Кара-Суунун борбордук базарында санитардык абал сакталбай келет. Базарда санитардык талаптарга жооп бербестиги ачык көрүнүп турганы менен тиешелүү тараптар чара колдонбойт. Тазалык сакталбаган жерде ар кандай жугуштуу оорулар пайда болушу толук мүмкүн.
Тамак-аштардын үстү ачык эле турат. Соода кылган жерлери кир, чаң. Канча жылдан бери ушундай көрүнүш. Санитардык норма деген түшүнүк жок буларда. Санэпидемстанция такыр текшербейт,- деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.