Нарын облусунун тургуну президентке ыраазычылык билдирди
Новость

POST1RIGHT

Нарын облусунун тургуну Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Анын айтымында, Бир ай мурун президентибиз Сооронбай Жээнбековго кайрылуу каттын жазгам, жардам сурап. Нарын шаарында жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесинде турабыз. Эки балам тең 1-3 группадагы инвалид. Мына бүгүн суу каналдын кызматкерлери келип, жерди казып, үйгө суу киргизип жатышат. Президентибизге ыраазычылык билдирем,- деген билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.