POST1RIGHT
Ош шаарынын Т.Кулатов кичирайонунун тургундары "Элдик репортерго" видео тартып жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, Т.Кулатов кичирайонундагы 16 үйдүн кире беришинде эски жолубуз асфальт болчу. Газпромдон келишип жолду бузуп, газдын түтүктөрүн киргизишип, жолду оңдобостон ошол бойдон калтырып кетишкен. Андан кийин сквер кургандар да, ошонун үстүнө эле шагыл төгүп таштап кетишти. Буга ким жооп берет?
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.