POST1RIGHT
Москва району Предтеченка айылында 2 жыл мурун ӨКМдан келишип, канал казып кетишкен. Жолубуз бузулуп, эми үйгө өттө албайсын, көпүрө салып беришкен жок. Убактылуу өзүбүз көпүрө жазап алганбыз. Азыр бул көпүрө да өтө кооптуу болуп турат. Өзүм пенсиядагы кишимин. Көпүрөдөн араң өтөм. Ишти аягына чыгарбастан эле кетип калышкан. Мамлекет тараптан жардам болуп, ушул жерлерди түздөп, көпүрө салып беришин суранат элем, - деген айыл тургуну "Элдик репортерго" видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.