POST1RIGHT
Бишкек-Ош трассасында жайгашкан Сокулук районунун №2 мектебинин жанында, жолдо жол сызыгы көрүнбөйт, өчүп калган. Жолдун бир тарабында эч кандай белги жок. Унаалар тынымсыз, катуу ылдамдыкта өтөт. Окуучулар эмес, чоң киши араң өтөт. Жол чырагы да орнотулган эмес. Жол өтмөк да жок. Өтө эле кооптуу. Балдардын коопуздугун ойлошкон эмес? Мектеп директоруна, айыл өкмөткө деле кайрылдык, эч жыйынтык жок, - деп ачууланган автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.