Кара-Дөбө: темир жолдон өтүүчү жол маселеси чечилбей келет
Новость

POST1RIGHT

Чүй районунун Кара-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Темир жол көчөсүндө 20 жылдан бери темир жолдон өтүүчү жол маселеси чечилбей келет. 

Токмок-Кемин трассасы менен байланыштыруучу жалгыз аяк жолубузду, темир жол кызматкерлери мыйзамсыз унаа жолу деген шылтоо менен көптөгөн жылдар бою айыл тургундары менен тирешип казып унаа өтүүгө жараксыз кылып кетишүүдө. 1994-жылдары бул темир жолдун кесилиш жолу болгон, 1995-жылы белгисиз себептер менен жабылып калган экен.

Эгер бул жол жабылса балдарыбыз 4 км чакырым аралыкты басып өтүп, мектепке барышат. Азыр күн жылуу, кышында кантишет. Кара-Дөбө айыл өкмөтүнө бир канча кайрылуу жасаганбыз эч кандай жылыш болгон жок,- деген автор "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.