Үй-жайсыз адамдарга толгон "Пионер" эс алуу бакчасы
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы Советский көчөсүндө жайгашкан "Пионер" эс алуу бакчасы балдар бакчасы эмес эле, үй-жайсыз адамдар чогулган жайга айланды,- дейт шаар тургуну. 

"Мурда бул жай сугарылып турчу эле, кийин сугарылбай да калып, чөптөр, бактар куурап калды. Ар бир бактын түбүндө үй-жайсыз адамдар отурушат. Мында келип балдар менен эс алууга такыр мүмкүн эмес. Күндүз да аз, кечкисин саат жетиден баштап ар бир бактын түбүндө ызы-чуу болушуп отурушат. Бул көрүнүштү кантип жөнгө салса болот, ким чечет?",- деп суроо калтырган шаар тургуну.