Бишкектеги үч жылдан бери оңдолуп бүтпөгөн тротуар
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарынын тургуну Жибек-Жолу проспектисинен өйдө Дзержинский көчөсүн бойлой тротуарды оңдоо иштерине нааразычылыгын билдирген. 

"Жибек-Жолу проспектисинен өйдө Дзержинский көчөсүнө чыккан бөлүгүндө тротуар 3 жылдан бери бүтпөй, чаң-тополоң болуп жатат. Мен неберемди 3 жылдан бери "Сейтек" борборуна алып келип, ушул жерден өтөм. Улам бир жери казылып эле ошончо убакыттан бери бул жол оңолбой койду. Жолдун четине унаалар коюлуп, басууга да мүмкүн эмес. Тротуар бүтсө жакшы болот эле, бүтпөгөнүнүн себеби эмне, шаар тургуну катары билгим келет дейт",- дейт автор.