Тротуарды ээлеген таштанды төгүүчү жай
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Тыныстанов 107 дарегиндеги балдар бакчасынын жанында таштанды төгүүчү жай бар. Бул таштанды төгүүчү жай жөө адамдар жүрүүчү жолго коюлган. Тротуар менен келе жатып эле таштанды төгүүчү жайга такаласын. Ким уруксат берген? Орнотуп жатып ойлонушкан жокбу? Тротуарды башка жерге орнотсо болот эле го? Анысы аз келгенсип бала бакчанын жанына орнотуп коюшкан,- деп ачууланган шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.