POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушун каптаган кара түтүн, конуштун тургундарын кабатырга салып жаткан учуру.
Биз Ак-Бата жаңы конушунун тургундарыбыз. Биздин көйгөйүбүз кеч курун каптаган кара түтүн. Кудайдын куттуу күнү кечинде биздин конушту көз ачылгыс, ачуу жыты бар капкара түтүн таштанды төгүүчү жай тараптан каптайт. Мамэкотехинспекцияга кайрылсак эч чара көрүшпөдү. Балдар эшикке ойной албай калышты. Ден-соолукка зыян деп коркобуз. Жайкысын 40° ысыкта ушундай түтүн эртең менен да, кечинде да каптачу. Азыр андан да жаман, түтүн көпкө чейин тарабайт. Ушул нерсеге көңүл буруп, маселени чечип беришиңиздерди суранабыз,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.