Ак-Суу районундагы көкөйгө тийген жолдун абалы
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун жолу өтө кейиштүү абалда. Убактылуу оңдоп-түздөө иштери жыйынтык бербей калган. Сүрдүргөндөн көп убакыт өтпөй, кайра эле аң-чөнөк пайда болуп, каттаган жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратат. 

Сүрдүргөндүн пайдасы жок болуп калды. Жамгыр жааганда кайра эле баягы кейпин кийет. Асфальт төшөп берсе жакшы болот эле. Шайлоонун алдында, чоңдор келерде эле сүрдүрүп калышат. Калган күндөрү ошол бойдон калат,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.