POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу Табалдиев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жок. Себеби бул жакта жашаган тургундардын көпчүлүгү кызыл сызыктан чыгып, тротуарды ээлеп, үй салып алышкан. Автордун айтымында, Булар 2 жылдан бери үйлөрүн улап эле келе жатышат. 3 метрдей чыгып кетишкен өзүлөрүнө бөлүнгөн жерден. Анысы аз келгенсип унааларын жолго токтотуп алышат. Жөө жүргүнчүлөр мына минтип жол менен басабыз. Эки унаа карама-каршы чыкканда, адам басканга жол жок. Буларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Жолубуз да жаман. Балдарбыз да ушул жол менен мектепке барышат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.