Нарын: бактардын бутактары тротуарды жаап калган
Новость

POST1RIGHT

Нарын шаарынын С. Андабеков көчөсүндө тротуар менен адам баса албайт. Себеби бактардын бутактары тротуарды жаап калган. Ушул бактарды тегиздеп, кыркып, формага келтирип койгон адам жок. Ары-бери өткөндөргө жолто болуп жатат. Нарын шаарынын мэри ушундай нерселерге көңүл буруп ирээтке келтирип койсо- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.