POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушундагы Тагай-Бий көчөсүнүн жолу жөө жүргүнчүлөр үчүн айрыкча мектеп окуучулары үчүн кооптуулук жаралууда. Себеби жол салынып жаткан учурда тротуар каралган эмес. Тургундар мектепке балдарын жалгыз жиберүүдөн кооптонушат.
Унаалар катуу ылдамдыкта өтүшөт. Мынтип жолдун чекеси менен басканга туура келет. Эмне үчүн жол салып жатканда тротуар жагы эске алынган эмес? Автор Бишкек шаарынын мэри бул маселени чечип бериш суранып өттү.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.