POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Ак-Ордо конушундагы канализация киргизилгенден кийинки жолдун абалын видеого тартып жөнөткөн.
Ак-Ордо конушуна канализация киргизилгенден кийин жол менен басууга мүмкүн болбой калды. Жайда башталган иштерин эми бүтүштү. Канализацияны кошкондон кийин эптеп-септеп топурактарды нары-бери ыргытып коюп кетип калышты. Азыр жакшынакай жолдорубуз аңгыл-дөңгүл. Жамгыр жааганда эзилип, авто унааларыбыз эмес жөө адам эптеп өтүп атат. Кээ бирки касылган чуңкур жабылбаган бойдон турат, люктардар ачык бойдон таштап кетишкен. Бул ишти колго алгандан кийин аягына ишти чыгарыш керек эле да. Артык кылабыз деп көчөбүздүн тамтыгын чыгарып кетишти. Ортодо карапайым калк эле кыйналып жатат, -деген нааразычылыгын билдирет Ак-Ордо конушунун Долон-Бий көчөсүнүн тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.