POST1RIGHT
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын негизги жолунда союз учурунан бери бир да жолу оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет. Жамгыр жааганда жол менен басканга мүмкүн болбой калат. СССР убагында төшөлгөн асфальттан эч нерсе калбай калган. Канча жолу айыл өкмөткө кайрылдык, жыйынтык жок. Бул чоң көчөдө 2 эле жеринде жарыктандыргыч бар, ал эми суу болсо 3 эле жерден чыгат,- дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.