Жибек-Жолу менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги тротуарды каптаган суу
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде июнь айында жол оңдоо иштери жүргөн. Жол куруучулар жолду аягына чыгарбай коюшкан. Видеодо көрүп турган жерге тротуар салышканда, арык салышкан эмес. Эми жамгыр жааганда жолдон аккан суулар, тротуарды каптап жатат. Жолдон өткөнгө мүмкүн эмес. Эл басканга жол жок, жолго чыгып жолдун жээги менен өтүп жатышат, - деген шаар тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.