POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы №254 маршруттук каттамдын ичиндеги отургучтары сынган жана тазалык сакталбаган деген шаар тургуну "Элдик репортер" рубрикасына видео жөнөткөн.
Бул маршруттук каттамдын ичинде отургучтар сынган, ичи кир, жийиркеничтүү абалга келип калыптыр. Коомдук транспорт болгондон кийин тазалык сактап, отургучтарын оңдоп койсо болот эле го. Буларды караган, жөнгө салып турган бирөө жарым барбы? -деп суроо салган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.