Кадамжай: санарип маселеси чечилди
Новость

POST1RIGHT

27-сентябрда "Элдик репортер" рубрикасына Кадамжай районунун Котормо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургунунан санарип телеберүүлөрү начар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча билдирүү келген. Көп узабай эле, ушул маалыматты жөнөткөн автор, РПО РМТРдин кызматкерлери келип санарип толкундарын текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти, - деген билдирүүсүн кайрадан жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.