POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунун көпчүлүк көчөлөрүнө газ тартылып, бирок андан кийинки жолдун абалы тургундар үчүн бир топ кыйынчылык жаратууда. Газ түтүктөрү үчүн казылган жерлер ошол бойдон калып, жамгыр жааган күндөрү жолдогу топтолгон ылайлар эзилип, күн ысыкта чаң сапырылат. Эске салсак, буга чейин "Элдик репортерго" бир нече көчөдөн ушул маселе боюнча кайрылуулар келген эле. Бирок Газпром тараптан же мэрия тараптан казылган көчөлөрдү кайра калыбына келтирип, оңдотуп түздөтүү жагы каралбай келет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.