POST1RIGHT
Баткен шаарындагы Кыз-Жол кварталында элдин талабы менен 2017-жылы чаккан бала бакча ачылган. Кыз-Жол кварталын башчысы жанына жаңы бала бакча салынат, ал бүткөндөн кийин, ошол бала бакчага көчүрөбүз деп айткан эле. Азыркы учурда жаңы салынып жаткан бала бакча салынып бүтүп калды. Кыз-Жол кварталын башчысынын башка максаты барбы билбейбиз, ортосунан тосмо менен тосуп, эски, шарты жок бала бакчага барып жаткандар, ошол эле ордуларында калат. Ал эми жаңы салынган бала бакчага башка балдарды алабыз деп жатышат. Муну кандай түшүнсө болот. Эски бала бакчада зал, ашканасы жок, союз учурунда салынган там. Губернаторго чейин бардык, эч жыйынтык чыккан жок. Булар кичинекей айылды 2 бөлүп жатышат. Ушул маселебизди Билим берүү министрлигине жеткирип койсонуздар, - деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.