POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ленин районунун Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсүнүн жолу качан оңдолот?- деген автор "Элдик репортерго" билидирүү жөнөткөн.
Бул жолго акча бөлүнөт, жасалат деп отуруп 20 жыл өтүптүр. Быйыл да кытай грантына кирди, кол коюлса эле, кеч болсо да жасалып баштайт деген бойдон, күз келип, эч дайын жок. Эми кытай тарап кол коюлган жок, быйыл да жок деген жооп алдык.
Жолдун абалы өтө эле начар, өзгөчө жаз, күз, кыш мезгилинде. Жамгыр жааганда баткак, ысыкта сапырылган чаң, таштак көчө. Чоңдор болсо араң өтөбүз. Мектепке барган балдарыбыздын абалы өтө кейитет, канча жакшы бүт кийим берсең да түтпөйт экен. Мектепке барганда буттарынан ылай суу өтүп, оруп калышат. Жок дегенде түрттүрүп, бир көңүл бөлүп койгула деп, мэрия да кайрылганбыз. Бирок жыл сайын эмдиги жылы жасалат деп элди алдап келишет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.