Өкмөт желим менен пластикалык материалдардан арылуу аракетин көрүүдө
Новость KTRK/videograp

Өкмөт «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарынынын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкты. 

Мындан тышкары, долбоордо кагаз пакеттерин колдонууга өтүү жана өлкөнүн ички рыногунда желим баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргызстанда жок кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү дагы камтылган.