Махатма Ганди көчөсүндөгү куураган бак-дарактар
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарында Махатма Ганди көчөсүндө бак-дарактар куурап, кулаганы турат. Көзөмөлдөгөн эч ким жок. Бул көчөдөн элдер көп басат, айрыкча окуучулар үчүн кооптуу, себеби ушул жолдун башында №19 мектеби бар. Махатмы Ганди 138 үйдүн артында эле жайгашкан.  Мурун Сорока деген көл болгон экен бул жерде. Ушундай куурап калган бак-дарактарды алып, ордуна башка көчөттөрдү отургузса болот эле да. Эгер бул куураган бактар куласа, үйлөрдү басып калат. Ким жооп берет ага? «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына бир нече жолу кайрылганбыз, бирок дагы деле жыйынтык жок,- деген шаар тургуну "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.