"Түндүк" системасы аркылуу өлкөдө маалымат алмашуу жолго коюлду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

"Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыңкы орунга алып чыгууну максат кылдык". Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Бишкекте өткөн "Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы" конференциясында билдирди. Жыйынга IT-тармагынын интеллектуалдык лидерлери, компаниялардын жетекчилери катышты. Мамлекет башчы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керектигине токтолду. Президент өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, колдонууга тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатканын баса белгеледи. "Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз",- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Ошондой эле, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүдө жетишилген бир катар жыйынтыктарга токтолду. Президенттин айтымында, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду. Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл санарип форматында ала баштады. Сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатат. Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады.
Ошондой эле, Президент социалдык чөйрөнү санариптештирүүдө айрым жетишкендиктер орун алганын баса белгиледи. Электрондук китеп, электрондук кезек, мобилдик түзүлүш аркылуу төлөмдөр сыяктуу жаңылыктар пайда болгонун айтты. Адистердин жана жетекчилердин санариптик дасыгын көтөрүүгө багытталган масштабдуу окутуулар жүрүп жаканын кошумчалады.

"Санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын катары өсүүдө.Алардын мамлекеттик органдар менен болгон байланыштарында чиновниктин катышуусу азайып, техникалык каражаттарды пайдалануу арбындоодо",- деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.